• 87
  • 91.29
  • 0.84

Президент Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө карата кайрылуу жолдоду

Президент 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-февралда, Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө карата кайрылуу жолдоду, - деп билдирет президенттин маалымат кызматы.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

“Ооган согушунун урматтуу ардагерлери! Урматтуу жоокерлер жана сержанттар! Жолдош офицерлер жана генералдар! Урматтуу мекендештер!

15-февраль күнүн “Ооган” согушунда курман болгондорду эскерүү менен ооган ардегерлерине урмат-сый көрсөтүү күнү катары белгилөө тарыхый салт болуп келет.

Алты жүз жыйырма миң советтик аскер катышып, тогуз жыл, бир ай жана он тогуз күнгө созулган Ооган согушу 33 жыл мурун аяктаганы баарыбызга маалым.

Советтик аскерлердин катарында сиздер да тайманбай, өлүмгө тике карап, душмандардын көптөгөн колун жок кылып, мизин кайтарып келгенсиздер. Баскан ар бир кадам кооптуу болгон бул согуш аймактарында жер шартын мыкты билген жоонун катуу каршылыктарына карабастан, төрт жүз он алты масштабдык пландуу операциялар жүргүзүлүп, ийгиликтүү аяктаганына күбөсүздөр.

Тилекке каршы, Ооган жаңжалы элибиздин башына түшкөн жалгыз оор сыноо болгон жок. «Ооган синдромун» туура он жылдан кийин көз карандысыз Кыргыз Республикасына коркунуч жаратып, Мекенибиздин чегине ачыктан-ачык кол салган эл аралык терроризм кайрадан эске салган эле. Тарыхта “Баткен окуясы” деген ат менен калган бул куралдуу кагылышта Мекенди коргоо чакырыгына биринчи болуп Ооган ардагерлери тикесинен тик туруп, аттанып чыгышкан.

Мына ошондуктан, Ооган согушунун ардагерлеринин аттары өлкөбүздүн чыныгы атуулдары катары түбөлүккө сакталып калат деп бекем ишенем. Мындай маанилүү күндү атайын белгилеп, ооганчылардын эрдиктерин даңазалоо жаш муундардын Мекен алдындагы атуулдук сезимин ойготуп, тарбия-таалим берүү – мамлекеттин негизги максаты экенин баса белгилеп кетким келет. Соңку тарыхыбызда согуш илебин сезип, Ата Журтубуздун башына келген мүшкүлдү жүрөгү менен өткөргөн биздин коомчулугубуз интернационалисттик жоокерлерге, алардын ичинде Сиздерге – Ооган согушунун катышуучуларына ар дайым урмат-сый менен мамиле кылат. Куралдуу кагылыштардагы баатырдык эрдигиңиздерге ар дайым таазим этет.

Урматтуу ооган ардагерлери!

Сиздерди дагы бир жолу советтик аскерлердин Оогандан чыгарылышынын 33 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм.

Сиздер мындан ары дагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрү үчүн баа жеткис күжүрмөн тажрыйбанын мыкты үлгүсү бойдон кала бересиздер.

Сиздерге жана жакындарыңызга чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат турмуш каалайм.

Бар болуңуздар!”

Пикир

Оставить комментарий