• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Президент тез арада үйлөрдү жана соцобъектилерди жылуулук менен камсыздоону калыбына келтирүүнү тапшырды

Президент 0


Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборун калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып, тез арада үйлөрдү жана социалдык объектилерди жылуулук менен камсыздоону калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүүнү ташырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал жакка барганында мамлекет башчысына Жылуулук электр борборунун толук кандуу ишинин бузулушуна алып келген штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.

Садыр Жапаров тез арада үйлөрдү жана социалдык объектилерди жылуулук менен камсыздоону калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүүнү, ошондой эле ЖЭБдин иши толук калыбына келтирилгенге чейин ыкчам маалымат берип турууну тапшырды.

Мындан тышкары, президент штаттык эмес кырдаал толугу менен жоюлганга чейин атайын кызматтардын ишин күчөтүлгөн тартипке которууга буйрук берди.

Бишкек ЖЭБине барганында аны министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, энергетика министри Таалайбек Ибраев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана профилдик мамлекеттик органдардын өкүлдөрү коштоп жүрдү.

Пикир

Оставить комментарий