• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Президент Жапаров кыргыз-тажик чек арасында жашаган өспүрүм бала менен жолукту

Президент 0

Бишкек, 10.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасында жашаган Адил Абдурахимов менен жолукту. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Молдокматова буга чейин мамлекет башчысына видео кайрылуу жөнөтүлгөнүн жазат.

“Адил экөөбүз жекшемби күндү Ысык-Көлдө өткөрдүк. Каарманыбызда эбегейсиз зор таасир калтырды: "Рух-Ордо" маданий борбору, асман алдындагы музей, жээкте кечки сейилдөө түбөлүккө эсибизде калат. Адил түнү бою уктабай тынчсызданды”, - деп жазат ал.

Ассоль Молдокматова Садыр Жапаров аларды жылуу тосуп алганын билдирди.

“Адилди ата катары кучактап, бир катар суроолорду берди. Жапаров Адилдин атасынын маселеси Тышкы иштер министрлиги тарабынан иштелип жаткандыгын айтып, жакын аралыкта маселени толук чечип берүүнү убадалады. Ошондой эле баланын футбол интернатына окуу кыялын ишке ашыруу үчүн президент жардамчысына тапшырма берди. Аны менен катар баткендик балага уюлдук телефон, планшет, футболдук топту белек кылып, ийгилик каалады”, - дейт коомдук ишмер.

Белгилей кетсек, чек арада жашаган өспүрүм бала президентке видеокайрылуу жасап, чек ара маселесин чечип берүүнү өтүнгөн.

undefined

Пикир

Оставить комментарий