Президент Жээнбеков Режеп Тайип Эрдоганды Түркиянын күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 29.10.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-октябрда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганды Түркия Республикасынын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди Түркия Республикасынын Улуттук майрамы — Түркия Республикасынын күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкка жана ишенимге негизделген мамилелерибиз боордош элдерибиздин бакубаттыгы үчүн мындан ары да өнүгө берет деп терең ишенем. Эки тараптуу кызматташуунун өнүгүүсүнө жеке салымыңызды кошуп, колдоо көрсөтүп жатканыңызга зор ыраазычылык билдирем», — деп белгиленген куттуктоо телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков Режеп Тайип Эрдоганга жана анын үй-бүлөсүнө бекем ден соолук, бакыт-таалай, ишине ийгилик, ал эми бир тууган Түркия элине тынчтыкты жана өнүгүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий