Президент жергиликтүү калкка колдоо көрсөтүү боюнча так милдеттерди койду – Новиков

Аймак 0


Бишкек, 01.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров жергиликтүү калкка колдоо көрсөтүү боюнча так милдеттерди койду. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Лейлек районуна гуманитардык жардам жүктөлгөн чоң колонна жөнөтүлдү.

"Кечээ Лейлек районуна 40 тонна жүк жеткирилген, буга чейин учак Исфанага гуманитардык жардам алып келген, бүгүн дагы 60 тонна жүк президенттин тапшырмасы менен жөнөтүлүп жатат. Жакынкы аралыкта Лейлек району үчүн дагы 100 тонна жардам жеткирилет. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жабыркаган адамдарга жана жалпы Баткен облусуна гуманитардык жардам алуу боюнча бирдиктүү координациялык борбор катары аныкталды", - деп билдирди ал.

Новиков кошумчалагандай, гуманитардык жардамды бөлүштүрүү менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алектенет.

Пикир

Оставить комментарий