• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Президентке караштуу Мамбашкаруу академиясы жана Х. Зайдель Фонду кызматташтык жөнүндө Келишимге кол коюшту

Президент 0

Бишкек, 16.04.19. /Кабар/. 15-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Германияга расмий сапарынын алкагында Мюнхен шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жана Ханнс Зайдель Фонду кызматташтык жөнүндө Келишимге кол коюшту.

Документке кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев, Фонд тараптан Ханнс Зайдель атындагы Фондунун Эл аралык кызматташуу институтунун директору Сюзанна Лютер кол коюшту.

Тараптар максаты Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерин кошумча кесиптик даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, Кыргыз Республикасында жергиликтүү деңгээлде парламентаризмди өнүктүрүү, ошондой эле Академиянын институционалдык мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу чөйрөсүндөгү окуу программаларын ишке ашыруу болгон «Борбордук Азияда натыйжалуу мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү» долбоорунун алкагында кызматташуу боюнча макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий