Улуттук биримдикти жана диний саясатты чыңдоо боюнча эксперттик кеңештин жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 12.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 12-июнда, президентке караштуу Улуттук биримдикти жана диний саясатты чыңдоо боюнча эксперттик кеңештин жыйынын өткөрдү.

Күн тартибинде өлкөдөгү диний жана этностор аралык кырдаалдын актуалдуу маселелери, “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” КР мыйзамынын долбоору каралды.

Анын ичинде, мамлекеттик катчы чет элдик студенттерге байланыштуу окуяларга, диний идеологиянын негизинде мамлекеттик символикага акаарат келтирүүгө, социалдык тармактарда динге негизделген риторикаларга басым жасады.

Сүйүнбек Касмамбетов белгилегендей, улуттар аралык ынтымакты чыңдоо жана диндер аралык толеранттуулукту арттыруу максатында президенттин – «2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз Жараны деп жарандардын өзүн тануусун өнүктүрүүнүн концепциясы жөнүндө” жана “2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө” тиешелүү жарлыктары менен кабыл алынган концептуалдык документтерде белгиленген милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу зарыл.

Мамлекеттик катчы ошондой эле президенттин кароосуна жөнөтүү жана андан ары чечимдерди кабыл алуу үчүн этностор аралык өнүгүү, улуттук биримдикти жана динди чыңдоо жаатында сунуштарды иштеп чыгуучу Эксперттик кеңештин маанилүү ролун баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий