• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Президенттик мөөнөттүн үч жылдыгы. Садыр Жапаровдун башкаруусунда өлкөдө эмне өзгөрдү? Тизме

Коом 0

2024-жылдын 28-январында Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын президенти кызматына киришкенине туура үч жылдын жүзү болот.

Бул аралыкта бир топ алгылыктуу иштеп жасалып, өлкөбүз өнүгүүгө карай кадам таштаганын байкоого болот.

Садыр Жапаровдун башкаруусунда өлкөдө эмне өзгөрдү? Тизмектеп көрөлү:

1. Кумтөр алтын кени Кыргызстандын толук ээлигине биротоло кайтарылды. Кен байлыкты чет элдик компания иштеткен 28 жылда 410 тонна алтын казылган, анын 1 граммы дагы Кыргызстанга калган эмес. Ушул жылдары үлүштүк кирешеден болгону 100 млн доллар киреше алганбыз. Кумтөр мамлекетке өткөндөн кийин, тактап айтканда 2022-2023-жылдагы жалпы кирешеси 698,6 миллион доллар, мындан тышкары, 50 тоннадан ашык алтын кампабызда турат.

2. Кыргызстандын жарыгы 60-70 жыл мурда СССР курган ГЭСтер менен камсыздалат, эгемендик алгандан кийин болгону “Камбар-Ата 2” ГЭСинин 1-агрегатын гана ишке киргизген. Акыркы эки жылда энергетикалык коопсуздук маселесине байланышкан ири долбоорлор кыймылдап жанданды. Мисалы, кубаттуулугу 1860 МВт болгон “Камбар Ата 1” ГЭСинин курулушу башталды. Токтогул ГЭСи реконструкция болуп, 240 МВт кошулуп жатат. Таласта “Бала-Саруу” ГЭСи бүтүп калды, “Ат-Башы”, “Куланак” ГЭСтери, жалпысынан учурда 50гө жакын ири жана чакан ГЭСтер, шамал, күн станциялары курулуп жатат. Мамлекет энергетикалык саясатын жакшыртты.

3. "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" биргелешкен темир жолун куруу долбоору башталды. Мамлекет өзүнүн күчү менен Бишкек-Балыкчы-Кара-Кече (186 км) темир жолунун курулушун баштап, иш жүрүп жатат.

4. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 702 даана ар кандай техникалар - анын ичинде заманбап өрт өчүрүүчү, куткаруучу техникалар, Ысык-Көлгө катер, 2 вертолет ж.б алынды.

5. Кыргыз армиясы абадан коргонуучу ракеталар, “Байрактар”, “Аксүнгүр”, “Акынжы”, зооттолгон унаалар, курал-жарактар менен толукталды. Чек арачылардын айлыгы 17 000 сомдон 80 000 сомго жогорулап, шарттары жакшырды.

6. Жол куруу тармагына 298 жаңы техника сатып алынды. Мурда 1985-жылы алынып союздан калган эски техникалар жол оңдочу же жеке тараптардан арендага алынчу. Азыр мамлекет өзүнүн күчү менен жол курат. Дагы алдыда 700дөй техника алуу планы коюлган. Быйыл өлкө аймагында 673 чакырым жолго асфальт төшөлдү.

7. Саламаттык сактоо, айыл-чарба тармактарына миңдеген техникалар алынды, жаңы ооруканалардын имараттары курулуп жатат.

8. Баткендеги 420 үй башынан курулду, жолдору жасалып, көчөлөрүнө жарык коюлду, мектеп, бала бакча, аскердик турак жайлар бүт калыбына келип, мурдагы абалына караганда алда канча жакшы жасалды.

9. Бул жылы өлкө боюнча мектеп, спорт имараттары ж.б – 200 соцобьект курулушу жаңы жылга чейин бүтүп тапшырылды. Бир жылда 365 күн болсо, мамлекет 1,5 күндө бирден обьект куруп бүтүргөнгө салыштырса болот.

10. Жол кырсыгынан жүздөгөн курмандыктар болот. Садыр Жапаров бул көйгөйдү азайтуу максатында аймактардагы аэропортторду оңдотуп, алды курулуш иши бүттү. Эми, облустар аралык аба каттамдары коюлат, ал үчүн 2024-жылы 4 самолет алынып, элге арзан шарттар түзүлөт.

11. Мамлекет ипотекалык үйлөрдү куруп, аны 4%дык арзан баада төлөө мөөнөтү 20-25 жылга берип баштады.

12. Ички органдарга, бөйрөк алмаштырууга Кыргызстанда операция жасалып, анын баасы чет өлкөдө жасалганга салыштырмалуу арзан. Мисалы бейтаптар башка өлкөдөн 50-60 миң долларга жасатса, Кыргызстанда 10 миң доллар.

13. Эс алуу жайлары, курорттор, парктар жаңыланды, туристтик жайлар курулуп жатат.

14. Коррупция менен күрөш, кылмыштуулукка каршы аракеттер натыйжаларын берди. Кыргызстан эгемендик алгандан бери мамлекетти тоногон коррпуционерлер ичип-жегенин кайра мамлекетке кайтарды. Уюшкан кылмыш тобу быт-чыты чыгып талкаланды.

15. Салык менен Бажы кирешеси мурдагыдай талап-тонолбой, мамлекеттин казынасына түшүп калды. Убагында бажыдан жылына 20-30 миллиарддын тегерегинде каражат чогултса, быйыл 111 миллиард сомго жеткени турат. Тактап айтканда, киреше 3-4 эсеге көп. Салыктын кирешеси дагы 2-3 эсеге көбөйдү. Мамлекет эч кандай салыктын жаңы түрүн киргизбей, ставкаларын көтөрбөй туруп жакшы натыйжаларга жетти.

16. Мамлекет калкты жакырчылыктан арылтуу максатында – аз камсыз болгон үй бүлөлөргө кайтарымсыз 100 миң сомдон берип келүүдө. Эки жылда 12 800 үй бүлө алып, анын дээрлик 99%ы жакырчылыктан чыгып, ишкердик менен алектенүүдө. 2024-жылга 20 000 миң үй бүлөгө 100 000 сомдон берилет. Социалдык жөлөк пулдар 100-200%га чейин көбөйдү, пенсия ушул жылы 38%га жогорулады.

17. Президенттин иш башкармалыгына караштуу “Учкун” басмаканасы жарандык паспортторду, документтерди басып чыгарып баштады. Мурда документтер чет өлкөдөн чыгарылып, чыгымы дагы көп болчу.

18. Билим берүү, маданият жана спортко кам көрүлүп, кызматкерлердин айлыктары көбөйтүлдү. Маданият үйлөрү капиталдык ремонттон өтүп, жаңы музыкалык асбаптар сатып алынып, Бишкекте цирк кайрадан жасалып жатат.

19. Ири шаарлардын таза суу көйгөйү чечилип, жаңы автобустар алынып, ички жолдору жасалды.

20. Күч түзүмдөрү, коопсуздук, эл аралык мамиленин деңгээли өстү. Өзбекстан менен чек ара чечилди, Тажикстан менен талаш аймактар дээрлик бүткөнү калды, президент тышкы саясатты жакшыртты, жыл ичинде 20дан ашык расмий жана жумушчу сапары менен чет өлкөгө чыкты, бир канча сапарлар менен башка өлкө башчылары келди.

21. Эң башкысы президент Садыр Жапаров мурдагыдай аралаш бийлик системасынан, жоопкерчиликти өзүнө алган президенттик башкаруу системасына өттү. Мурда, аталышы парламенттик башкаруу, иш жүзүндө президент башкарып, өкмөттү парламент дайындап, эч ким жоопкерчиликти албаган, мамлекетти жоопкерчиликсиз адамдар талап-тоногон системадан Кыргызстанды сууруп чыкты.

Пикир

Оставить комментарий