• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Президенттик шайлоо: Россияда 12 шайлоо тилкеси түзүлдү

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. 2021-жылдын 10-январында өтө турган Кыргызстандагы президенттик шайлоого карата Россиянын аймагында 12 шайлоо тилкеси түзүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, шайлоо тилкелери Москва шаарындагы элчиликте, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларындагы консулдуктарда, ошондой эле элчиликтин Владивосток, Иркутск, Красноярск, Санкт-Петербург, Сургут, Южно-Сахалинск жана Якутск шаарларындагы кеңселеринде тузүлгөн.

Элчилик Россияда жүргөн Кыргызстандын жарандарына кайрылат:

1. https://tizme.gov.kg сайтындагы шайлоочулардын алдын ала тизмесинен өзүңүздү текшерип көрүңүз;

2. Эгерде кандайдыр бир ката же так эмес маалымат тапсаңыз, анда Кыргызстандын Россиядагы элчилигине же тиешелүү консулдук мекемелерге белгиленген формадагы арыз (№1 форма) менен кайрылыңыз;

3. Шайлоочулардын алдын ала тизмесинде жок болсоңуз жана шайлоого катышууну кааласаңыз 2020-жылдын 19-ноябрынан 29-декабрына чейин Кыргызстандын Россиядагы элчилигине же тиешелүү консулдук мекемеге белгиленген формадагы арыз (№2 форма) менен кайрылыңыз.

Пикир

Оставить комментарий