• 87
  • 90.43
  • 0.88

Президенттик стипендиат – айыл жаштарына үлгү болгон студент

Аймак 0

Бишкек, 23.01. 20. /Кабар/. Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун Кыргыз-Россия факультетинин 4-курсунун студенти, "Русский язык? Легко" акысыз тил курсунун негиздөөчүсү жана президенттик стипендиянын ээси Аида Атабаева Ноокат районунун Нойгут айылынын жаштары менен жолугушуп, жакындан маек куруп келди. Бул тууралуу институттан билдиришти.

Жолугушуу "Нойгут жаштары" фонду жана "Нойгут" орто мектеби тарабынан учурда жаштарга үлгү болуп, ийгиликтүү жаштарды ар тараптан колдоо максатында уюштурулду.

Иш-чарага Кара-Таш айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, Нойгут айылынын башчысы, мектеп жетекчилиги, айылдын тургундары жана окуучулар катышып, натыйжада Аида Атабаева аталган айыл өкмөттүн жана мектептин Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыгына ээ болду. Жолугушууда Аида жаштардын ар тараптуу суроолоруна жооп берүү менен окуучуларды татыктуу билим алууга үндөп, аларга ийгилик каалап, уюштуруу тобуна ыраазычылыгын билдирди.

Бул саамалык учурда ийгилик тепкичин аттап келе жаткан жаштарга өтө чоң дем-күч берээрин ошондой эле бул сыяктуу иш-чаралар байма-бай уюштурулуп турса, келечек ээлери болгон жаштардын туура нукка калыптануусуна мыкты түрткү болоорун жергиликтүү жетекчилер баса белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий