Бишкек,16.12.24. /Кабар/. Президенттик стипендия – бул жөн гана сыйлык эмес, өз тармагында кесипкөй болууга умтулган студенттердин эмгегинин бааланышы. Бул сыйлык студенттердин потенциалын жана талантынын ачылышына түрткү берет. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров өлкөнүн жогорку окуу жайларынын студенттерине президенттик стипендияны тапшыруу аземинде билдирди.
Президент белгилегендей, мамлекет студенттердин билимин жогору баалоо менен келечекке салым кошууда. Мамлекет өз өлкөсүнө берилген, өз тарыхын аздектеген жана элибиздин руханий баалуулуктарын сактаган жаштарды ар дайым колдойт.
"Мен билим алууга умтулган, өз пикирин билдире алган жана дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүүгө аракет кылган жаштарга чоң үмүт артам. Сиздердин жогорку окуу жайлардан алган билимиңиздер келечектеги чоң ийгиликтердин эшигин ачууга жардам берет. Ийгиликке жетүүнүн жолу жеңил эмес, ал көп сыноолор жана кыйынчылыктар менен коштолот. Бирок ошол сыноолор сиздерди бекем болууга, акылыңарды өстүрүүгө такшалтат”, - деди Садыр Жапаров.
Пикир
Оставить комментарий