• 87
  • 90.41
  • 0.84

Президенттин администрациясында бирдиктүү маалыматтык саясатты жүргүзүү боюнча жыйын өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековдун жетекчилиги алдында өлкөдө бирдиктүү маалыматтык саясатты жүргүзүү боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Отурумга министрлердин жана мамлекеттик мекемелердин башчыларынын орун басарлары, мамлекеттик массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери жана басма сөз катчылар катышты.

Жыйында мамлекеттик органдардын аткарып жаткан ишмердүүлүгүн тийиштүү деңгээлде туура жеткирүү, мамлекеттик кызматкерлер менен коомдун ортосундагы байланышты жакындатуу, жарандарды кызыктырган суроолорго ыкчам жооп даярдоо сыяктуу бир катар маселелер такууланды.

Өз сөзүндө маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков президент баштаган реформалар этап-этабы менен ишке ашырылып жатканын, аларды чагылдырууда мамлекеттик органдардын тиешелүү жетекчилери менен бирге басма сөз катчыларынын ролу маанилүү экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий