• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Президенттин администрациясында кыргыз-япон кызматташтыгы талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 19.09.23. /Кабар/. Президенттин адмнистрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын начальнинги Айбек Жунушалиев Япониянын Россия жана КМШ өлкөлөрү менен соода ассоциациясынын башкы директору Такафуми Накай менен жолукту.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар логистика, инвестиция, айыл чарба, соода-экономикалык тармактарда эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Кыргыз тарап алдыңкы япон тажрыйбасын жана технологиясын колдонуу менен кыргыз экономикасынын конкреттүү тармактарына Япониянын алдыңкы компанияларынан инвестиция тартуунун келечегин белгиледи.

Айбек Жунушалиев Кыргызстан Японияны демократиялык өнүгүүнүн, саясий, соода-экономикалык кызматташтыктын жалпы баалуулуктарын бөлүшүүчү жакын жана достук өнөктөш катары карай турганын белгиледи.

Өз кезегинде Такафуми Накай эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди чыңдоого багытталган жаңы долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында кызматташууну тереңдетүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар талкууланган долбоорлордун жана демилгелердин алкагында кызматташууну мындан ары кеңейтүү ниетин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий