Бишкек, 08.01.25. /Кабар/. Президенттин администрациясында министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча кеңешме болуп өттү.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу. Курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) менен 4245 адам, сасык тумоо менен 16 адам катталган.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары мектептер менен бала бакчалар толук кандуу иштей баштаган окуу сезону жанданаар алдында респиратордук инфекциялардын жайылышынын күчөшүнө жол берилбестигин белгиледи.
Кеңешменин жыйынтыгында Саламаттык сактоо министрлигине жана башка тиешелүү органдарга респиратордук вирустук инфекциялардын жайылышын алдын алуу боюнча иш-чараларды күчөтүү, ошондой эле өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды такай көзөмөлгө алуу тапшырылды.
Пикир
Оставить комментарий