• 87
  • 90.41
  • 0.84

Президенттин администрациясынын коллегиясынын чечими менен айрым мамлекеттик органдардын ишине баа берилди

Өкмөт 0

Бишкек, 31.07.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында өткөрүлгөн президенттин администрациясынын коллегиясынын отурумунун жыйынтыгы менен айрым мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү баа берилип, кээ бир жетекчилерге тартиптик чара көрүлдү:

- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын–акимдердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин аймактардагы маданият үйлөрүнүн, китепканалардын ишин уюштуруудагы аракеттери жетишсиз деп таанылып, министрликке бир катар тапшырмалар коюлду.

- Юстиция министрлигинин нотариус кызматы боюнча жүргүзүп жаткан иши жетишсиз деп таанылып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыковго нотариус тармагындагы министрликтин кемчиликтери үчүн “сөгүш” тартиптик чарасы жарыяланды;

- Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоодо даректүүлүк маселесинде көрүп жаткан аракеттери “жетишсиз” деп таанылып, министрликке тиешелүү бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий