Бишкек, 28.12.24. /Кабар/. Нарын облусу боюнча окууда алдынкы ийгиликтерге жетишкен, ошондой эле аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарынан турган 31 окуучу президенттин балаты майрамына катышты.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, балдардын жол киреси жана тамак-ашы үчүн ыйгарым укуктуу өкүлдүн резервдик фондунан акча каражат бөлүнүп берилди.
Мындан сырткары, президенттик балатыга жөнөтүлгөн балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында атайын жол көзөмөлдөө кызматынын коштоосундо жөнөтүлгөн.
Программага ылайык, президенттик балатыга жөнөтүлгөн балдар майрамдык кечеден кийин Кыргыз мамлекеттик циркиндеги атайын программага катышып, балдардын "Сейтек" борборунда Билим жана илим министри менен жолугушуусу жана атайын даярдалган жаны жылдык концерттик программага күбө болушат.
Пикир
Оставить комментарий