• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Президенттин Иш башкармалыгынын 30 жылдык мааракесинен фоторепортаж

Коом 0

Чолпон-Ата, 08.08.24. /Кабар/. Быйыл Кыргызстандын президентинин Иш башкармалыгынын түзүлгөнүнө 30 жыл толду.

Маарекеге арналган иш-чара бүгүн Ысык-Көл облусундагы “Рух-Ордо” маданий борборунда өтүп, ага президент Садыр Жапаров баш болгон жогорку бийликтин өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер жана чет элдик коноктор катышты.

Оболу иш-чаранын расмий бөлүгүн өлкө башчы Садыр Жапаров ачып, ал президенттин Иш башкармалыгынын 30 жылдык маарекеси менен куттуктады.

«Бүгүнкү күндө президенттин Иш башкармалыгы материалдык, техникалык базасы бар, кесипкөй адистерге ээ. Белгиленген компетенциясынын алкагында жүктөлгөн милдеттерди жогорку деңгээлде жоопкерчилик менен аткаруу мүмкүнчүлүгү бар уюмга айланды. Сөзүбүз куру болбошу үчүн эл журтка биздин башкармалык коммуникацияларды, ирригацияларды жана жаңы имараттарды оңдоо жана куруу, кызмат көрсөтүүнү жана тейлөөнүн жаңы системаларын түзүү аркылуу өлкө турмушунун жашоо деңгээлин көтөрүүгө багытталган милдеттерди аткарып келет. Мындан эки жыл мурун баарыбызга белгилүү окуялардан кийин Баткен облусу калыбына келтирилди. Ага байланыштуу көптөгөн аскердик бөлүктөр капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Каракол аэропорту, “Жылуу-булак” ден соолукту чыңдоо комплекси, “Алтын балалык” ден соолукту калыбына келтирүү борбору, “Жыргалаң” санаторийи, “Кыргызстан-Азербайжан” достук сейил багы жана башка социалдык обьектилердин оңдоп-түзөлүшүн буга мисал катары айтсак болот”- дейт өлкө башчы.

Андан соң өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуп, үлгүлүү эмгектенип келген мамлекеттик кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылып, Ардак грамоталар берилди.

Иш-чара маданий бөлүк менен уланып, келген конокторго музыкалык чыгармалар тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий