Бишкек, 19.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Жолугушуунун жүрүшүндө Толкунбек Абдыгулов өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулукту, Кыргыз Республикасынын банктык жана төлөм тутумунун туруктуулугун жана коопсуздугун камсыздоого багытталган Улуттук банктын аткарып жаткан иштери, ошондой эле валюталык рыноктогу абал тууралуу маалымат берди.
Мындан тышкары, калк жана ишкерлик субъектилери үчүн коронавирустук инфекциянын жайылуусунун жагымсыз кесепеттерин жайгарууга тийиштүү маселелер талкууланды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров финансы-банк тутумунун, улуттук валютаны алмаштыруу курсунун туруктуулугун сактоонун, ошондой эле коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу улуттук экономика үчүн тобокелдиктерди кыскартуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Садыр Жапаров Улуттук банкка өлкөдөгү абалды турукташтырууга байланыштуу улуттук жана эл аралык төлөм тутуму боюнча төлөм жана которуу операцияларын өз учурунда жана үзгүлтүксүз ишке ашыруу үчүн чараларды кабыл алууну, ошондой эле SWIFT тутуму жана альтернативдүү байланыш каналдары боюнча трансчектеш операцияларды чектөөсүз жүргүзүүнү жаңыртуу тапшырмасын берди.
Пикир
Оставить комментарий