Президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү алмашты

Кадр саясаты 0

Бишкек, 16.05.24. /Кабар/. Президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү алмашты.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, КР президентинин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Айтмурзаев Нурлан Ташмурзаевич ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып Кемелова Динара Амантуровна КР президентинин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий