• 87
  • 90.41
  • 0.84

Президенттин Жээнбеков боюнча айткан сөзүндө үгүттүн элементтери жок - БШК мүчөсү

Коом 0

Бишкек, 7-июль /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков шайлоо процессинин субъектиси эмес, мындан улам Алмазбек Атамбаев ага үгүт жүргүзө алмак эмес. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.

Эскерте кетсек, мындан мурдараак “Демократия коалициясы жана коомдук бирикмеси” Атамбаевдин Жээнбеков боюнча айткан сөзүндө үгүттүн белгилери бар деп билдирип чыккан.

24-июндагы Россиядагы мамлекеттик сапарынын алкагында Татарстандын борбору – Казань шаарында өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков абийири таза киши экенин жана ал баштаган жолду улантып кете алаарын билдирген болчу.

Кайрат Осмоналиевдин айтымында Атамбаевдин бул сөздөрүндө үгүттүн элементтери жок.

“Себеби Жээнбеков шайлоо процессинин субъектиси эмес. Ал БШКга арыз менен кайрыла элек. Юридикалык жактан Жээнбеков президенттикке талапкер боло элек”,- дейт Осмоналиев.

Ошндой эле, Кайрат Осмоналиев мамлекет башчысы буга чейин өз сөзүндө Ө. Бабанов менен Б. Төрөбаев боюнча дагы жакшы пикирин билдирип, аларды президенттикке талапкер болгон мыкты жигиттер деген сөзүн эске салды.

“Атамбаев муну жакшы маанайда айткан. Юридикалык жактан алып карасак Жээнбеков БШКга арыз бере элек. Үгүт белгилери бар деп, эгер кайсы бир талапкерге добуш берүүгө же ага добуш бербөөгө чакырган учурларды айтсак болот”,- деп кошумчалады Осмоналиев.

Пикир

Оставить комментарий