• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Президенттин журналистика жаатындагы сыйлыгы: Эмгектерди кабыл алуу бир жумадан кийин аяктайт

Өкмөт 0

Бишкек, 24.09.24. /Кабар/. Президенттин “ЖМК жана журналистика жаатындагы КР президентинин жылдык сыйлыгын белгилөө жөнүндө” жарлыгына ылайык, сынакка эмгектерди кабыл алуу уланууда.

Белгилей кетсек, сыйлыктын негизги максаты – илим, билим, медицина, маданият, спорт, экономика, экология, туризм, айыл чарба, өнөр жай тармактарында эмгектенген журналисттердин чыгармачылык ишмердүүлүгүн колдоо жана жетишкендиктерин баалоо. Сыйлык ошондой эле ар кандай тармактарда чыгармачылык активдүүлүккө стимул берет.

Сыйлыкка катышуунун шарттары:

  • Сынакка Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат.
  • Бир катышуучу үч категориядан ашык эмес арыз бере алат.
  • Сынакка берилген материалдарга карата автордук жана чектеш укуктардын сакталышы үчүн жоопкерчилик толугу менен сыйлыкка арыз берген катышуучуларга жүктөлөт.
  • Материалдар үстүбүздөгү жылдын 1-январынан 1-октябрына чейин жарыяланууга тийиш.
  • 2024-жылы сынакка сунушталган иштер meikin@mail.gov.kg электрондук дареги боюнча үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына чейин электрондук түрдө кабыл алынат.

Сыйлыктын лауреаттарын жарыялоо Маалымат жана басма сөз күнүнө арналган расмий иш-чарада, бардык номинанттарды чакыруу менен салтанаттуу өткөрүлөт.

Номинациялар:

  • “Бир эл – бир түндүк”
  • "Керемет Кыргызстан"
  • “Салык – Өнүгүүгө салым”
  • "Таза Мекен"
  • "Билим – келечек"
  • "Куттуу элет"
  • "Мекен жана мен"
  • "Мекендештер"
  • "Кыргызстанда чыгарылган (Made in KG)"
  • "Сергек жашоо"

Эскерте кетсек, сынактык иштерди кабыл алуунун аякташына 7 күн калды.

Сыйлыкка арыз берген катышуучулар тастыктаманы 0312 557315 телефону аркылуу алышы керек; 0550 739 550; 0558 581 258.

Пикир

Оставить комментарий