Бишкек, 26.09.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк “Достук” ооруканасынын башкы дарыгери Самет Йылмаз менен жолугушту.
Жолугушуунун алкагында кыргыз-түрк достугун бекемдөөгө, саламаттык сактоо тармагынын өнүгүшүнө жана калкыбыздын ден соолугун чыңдоого кошкон зар салымы үчүн төраганын атынан дарыгерге Ыраазычылык кат ыйгарылды.
Белгилүү болгондой, Самет Йылмаз 9 ай келишимдик негизинде Кыргызстандагы Кыргыз-Түрк “Достук” ооруканасында башкы дарыгер болуп акысыз эмгектенип, кыргыз калкына өз жардамын көрсөтүп, азыркы учурда ишмердүүлүгү аяктап өз мамлекетине аттанды.
Пикир
Оставить комментарий