• 86.8
  • 91.71
  • 0.87

Профсоюздар федерациясында 2 млрд сомдон ашык мыйзам бузуулар аныкталды

Экономика 0

Бишкек, 12.11.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Профсоюздар федерациясында 10 жыл аралыгында 2 млрд 58 млн 585 миң сом жана 25,6 миң долларлык каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Эсептөө палатасынын аудитору Мукаш Арзыбаев билдирди.

Анын айтымында, уюмдун 10 жылдык ишмердүүлүгү, атап айтканда кыймылсыз мүлктөрдү сатуу, менчиктештирүү, ижарага берүү жана мүчөлүк акыдан түшкөн каражаттардын пайдаланылышы текшерилген.

"Президенттин тапшырмасы менен профсоюздун 2013-жылдан 2022-жылга чейинки ишмердүүлүгү текшерилген. Анда кыймылсыз мүлктөрдү сатуу, менчиктештирүү, ижарага берүү жана мүчөлүк акыдан түшкөн каражаттардын пайдаланылышы камтылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы суммасы 2 милрд 58 млн сом жана 25,6 миң долларлык финансылык мыйзам бузуу аныкталган. Мыйзамга ылайык, кесиптик бирликтер мүлктү, каражаттарды пайдаланууга жана тескөөгө укуктуу. Бирок, кесиптик бирликтердин мүлкү менчиктештирилбейт. Анткени, ал элдики болуп эсептелет. Буга карабастан кесиптик бирликтерге таандык 86,58 гектар жер сатылып кеткен. Кыргызстандын профсоюздар федерациясы тарбынан акча каражаты, товардык материалдык баалууктар, куруу иштериндеги бир катар каржылык мыйзам бузуулар, эмгек акынын негизсиз кошумча төлөмүндө, жашырылган карыздар, салык жана башка каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Учурда мыйзам бузуулар боюнча бардык материалдар УКМКга жана Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди. Алар сот аркылуу иш алып барып, акча каражаттары, мыйзамсыз берилген жерлер профсоюзга кайтарылып келип атат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий