• 87
  • 90.64
  • 0.85

Прокуратура кызматкерлери заманбап доордун чакырыктарына даяр болушу керек – Абдылдаев

Коом 0

Бишкек, 22.11.24. /Чолпон Жумалиева - Кабар/. Прокуратура органдарынын кызматкерлери заманбап доордун чакырыктарына даяр болушу керек, - деп билдирди Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мыктыбек Абдылдаев кыргыз прокуратурасынын 100 жылдык мааракесинде.

Анын айтымында, прокуратура кызматкерлери өзүнө, түзүмгө зыян келтирип албашы үчүн даярдыгы күчтүү, кесиптик чеберчилиги жогору болушу шарт. Анткени азыр заман, турмуш өзгөрүлүп, техникалык мүмкүнчүлүктөр кеңейип, прокуратура органдарына талап күчтүү.

“Учурдагы заманбап доордо прокуратура органдары креативдүү иштөөгө аракет кылышы керек. Анткени бүгүнкү күндүн талабы такыр башка, ошондуктан кадрлар да ошого ыңгайланышуусу зарыл. Кадрлар эң негизгиси адилеттүү болуп, кандай заман болсо, кандай техника менен камсыздалса дагы адилеттүүлүктөн эч тайбай, мыйзамдуулукту сакташы керек”, - деди Мыктыбек Абдылдаев.

Абдылдаев кошумчалагандай, учурда жаштардын прокуратура тармагына көп барып чоң жоопкерчиликти, ишти татыктуу аркалоого аракет кылышы кубандырат.

“Мен прокуратура кызматкери күнүгө өзүн-өзү даярдашы керек. Эгер бир күндү кое берсе, жарым жылды жоготкон болот. Анткени азыр жашоонун динамикасы такыр башка”, - деди ал.

Сөзүнүн соңунда Мыктыбек Абдылдаев прокуратура органдарынын кызматкерлерин тарыхый маараке менен куттуктады.

Пикир

Оставить комментарий