• 87
  • 90.43
  • 0.88

Прокуратура органдары мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылууга өз салымын кошуп келет - башкы прокурор

Коом 0

Бишкек, 22.11.24. /Чолпон Жумалиев - Кабар/.100 жыл аралыгында ар кандай тарыхый шарттарда прокуратура органы мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылууга, жарандардын жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоого, укуктук мамлекетти калыптандырууга өзүнүн салымын кошуп келе жатат. Бул тууралуу кыргыз прокуратурасынын 100 жылдыгына арналган мааракеде башкы прокурор Максат Асаналиев билдирди.

Анын айтымында, прокуратура органдарынын алдыга койгон максаттары Баш мыйзамда так белгиленген.

"Конституцияда прокуратура органдарынын багыты, пландары так жана туура көрсөтүлгөн. Биздин эң негизги максатыбыз мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү. Коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо боюнча иш-аракеттерди жүргүзүү. Коомубузда болуп жаткан коррупцияга байланыштуу терс көрүнүштөргө, кылмыштуулукка каршы күрөшүү прокуратура кызматынын эң негизи милдеттеринин бири", - деди Максат Асаналиев.

Белгилей кетсек, бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз прокуратурасынын 100 жылдыгы салтанаттуу белгиленүүдө. Иш-чарага президент Садыр Жапаровдун катышуусу күтүлүүдө.

Эске салсак, Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөндөн кийин 1924-жылдын 22-ноябрында кыргыз прокуратура органы негизделген.

Пикир

Оставить комментарий