Кыргызстанда мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөгөн башкы орган болгон прокуратурага 100 жыл толду. Бул түзүм мамлекеттеги өзгөчө милдеттерди аткарат жана ошондуктан президент Садыр Жапаров талап кылгандай, көк формачан адамдар өз ишмердүүлүгүндө карапайым калктын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо жана эч кандай мыйзам бузууларга жол бербөө милдеттерин аткарыш керек. Ошондо коом тарабынан бул системага болгон ишеним артат жана өлкөдөгү жалпы кырдаал туруктуу болуп, мындан ары өнүгүүгө шарт түзүлөт.
Прокуратура органдарынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада, «Бүгүнкү күндө прокуратура органдары бирдиктүү борборлоштурулган система катары иштеп, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылууда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөөдө негизги ролду ойнойт», - деп баса белгиледи мамлекет башчы.
Ошондой эле, көзөмөл органы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөн мезгилинде жаралган. Быйылкы 100 жылдык маараке мамлекеттин стабилдүү жана жандуу иштешине чоң таасир берген көзөмөл структуралар тарабынан белгиленип жатат. 1924-жылы азыркы Кыргызстандын пайдубалы түптөлүп, прокурордук көзөмөл кызматынын дагы өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун белгиледи.
Ошол кездеги кыргыз прокуратурасы түзүлгөндөн кийин Кара-Кыргыз автоном облусунун алгачкы прокурору болуп Михаил Безносиков дайындалган.
Кийинки жылы Алексей Дорогов (1925), андан соң Вельт Ян (1925–1927) бул абройлуу кызматка келишкен. Ал эми 1927-жылы юстициянын элдик комиссары, 1916-жылдагы көтөрүлүштүн жана 1917-жылы уюштурулган «Букара» кедей-кембагалдар союзун катышуучусу Таш Кудайбергенов алгачкы кыргыз прокурору болуп дайындалган. 1929-1933-жылдарды бул кызматты Искендер Жоломанов аркалаган. Мына ушул аталарыбыз мыйзам сакчылыгына алгачкы чыйыр жолду салып бергенин деп сыймыктануу менен айтсак болот”, - дейт Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысы ошондой эле биздин өлкөдө Совет бийлиги орноп жаткан мезгилде бирдиктүү мыйзамды бекитүүдө жана тартипти сактоодо Кыргызстандын прокуратурасы өзгөчө роль ойногондугун белгиледи. Архивдик материалдар жана адабий булактар далилдеп тургандай, прокуратура эмгек келишимдеринде жумушчу тобунун укуктарынын сакталышын текшерип, мал уурулук, коррупция, паракорчулук, ошондой эле эмгекчилердин шайлоого катышуусуна тоскоолдук кылуунун фактылары аныкталган.
Согуш жана согуштан кийинки жылдарда республиканын прокуратурасы сабатсыздыкты жоюуга зор салым кошуп, агартуу иштерин жүргүзүп, закондуулукту орнотууга да активдүү катышкан.
“Республиканын аймагында кылмыш иштери курчуп, куралданган бандиттик топтор, аскерден качкан дезертирлер тарабынан мамлекеттин мүлкүнө кол салуу жана башка кылмыштар көбөйгөн кыйын шарттарда да прокуратура органдарынын кызматкерлери ак ниеттүүлүгүн, чыдамкайлыгын жана кесипкөйлүгүн көргөзө алышкан. Мамлекетибиздин тарыхындагы өзгөчө оор кырдаалда прокуратура кызматкерлери жүктөлгөн милдеттерин татыктуу аткарып, согуш учурундагы мыйзамдуулукту жана коомдук тартипти камсыз кылууга багытталган ишмердүүлүгү Улуу Жеңишке жетүүгө чоң салым болгон десек жаңылышпайбыз. Кан күйгөн согуш учурунда согушка катышкан кызматкерлери көп болгон. Алардын катарындагы Калыйнур Үсөнбеков, Шейшеке Акаев жана Александр Сатаровдордун ишмердүүлүгүн өзгөчө баалай кетсек болот,” – деп баяндады Садыр Жапаров.
Кыргызстан СССРдин составына кирген республика болгон мезгилде прокуратура мамлекетке сергек климатты камсыз кылган, мыйзамдуулукту жана коомдук тартипти сактоодо жана социалдык өнүгүүнүн таламдарына жооп берген кубаттуу структурага айланган.
Эгемендүүлүк жөнүндө декларация кабыл алынгандан кийин прокурорлор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине гана отчеттуу жана жооптуу болуп, башка мамлекеттик органдарга көз карандысыз өз ыйгарым укуктарын ишке ашыра баштаган. Андан кийин өзгөчө милдеттери жана маанилүү мамлекеттик ыйгарым укуктарды Конституцияда бекилип, прокуратура өзгөчө статуска ээ болгон органга айланган.
“Натыйжада прокуратура органдары ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүгүнө, мамлекеттик бийлик органдарынын тутумундагы ээлеген ордуна жараша, Кыргыз Республикасынын Конституциясында өзгөчө макамга ээ орган катары бекитилген.
Ошентип, өзүнүн 100 жылдык басып өткөн жолунда “Мыйзамдар биз менен, биз мыйзамдар менен күчтүүбүз!” деген ураан алдында кыргыз прокуратурасы далай кыйынчылыктарды башынан кечирип, мамлекетибиздеги болгон бардык өзгөрүүлөрдү жон терисинен өткөргөн. Мындан улам бүгүнкү мамлекетибиздин укуктук жактан калыптанышынын жигердүү катышуучусу болгон десек дагы жаңылышпайбыз.
Укук коргоо органдарынын ишин координациялоо менен бирге, прокуратура кылмыштуулукка, коррупцияга каршы күрөшүп, өлкөдө мыйзамдуулуктун, акыйкаттуулуктун үстөмдүгүн орнотуп, укук тартибин чыңдоо жаатында талыкпастан аракеттенип келе жатат.
Ушу тапта прокуратура органдары натыйжалуу иш алпарууда десек болот. Мыйзамдардын аткарылышы боюнча жалпы көзөмөл багытында 20 миңдей укук бузууларды аныктап, аларды калыбына келтирүү боюнча прокурордук чара көрүү актыларын киргизип, жарандарыбыздын укуктарын коргоп, мамлекеттке келтирилген миллиарддаган зыяндардын ордун толтурууга чоң салым кошууда”,- деп белгиледи өлкө башчысы.
«Мыйзам жана тартип» ар бир мамлекеттин, өзгөчө глобалдык баш аламандыктын заманбап шарттарында жашоосунун негизи болуп саналат. Адам укуктары универсалдуу баалуулук, бирок бул концепцияны чечмелөө кош маанилүү жана кош стандарттуу болбошу керек. Кээ бирөөлөрдүн укугу башкаларды чектей албайт, эркиндик – бул оюңа келгенди кыла бер деген эмес, бул мамлекеттин негизин түзгөн коомдук эрежелер, маданий негиздер жана салттар.
“Кыргыз эли байыртадан эле адилеттүүлүктү туу тутуп, уул-кыздарын жаштайынан чынчыл, калыс, адептүү, ыймандуу, эң башкысы элин-жерин сүйгөн мекенчил атуул кылып тарбиялоого умтулушкан. Тарбия берүү жалаң гана үй-бүлөнүн же ата-эненин милдети эмес, коомдун же элдин жалпы милдети болуп саналган. Жаштарды эр жүрөк, тайманбас, кайраттуу, сөз багып, нарк сактап, адилет болууга тарбиялап келишкен. Бара-бара алардын арасынан эң мыктысына коомдо тартипти, үрп-адатты, салт-санааны сактоочу милдет тапшырылган. Элибизде мындай эрежелерди эл жакшылары, уруу аксакалдары аткарып келгендигин басып өткөн тарыхыбыз тастыктап турат. Ал эми бүгүнкү күндө бул милдетти прокуратура органдары аткарууда”, - баса белгиледи Садыр Жапаров.
Президент прокуратуранын ишмердүүлүгү биринчи кезекте өзүм билемдиктен жапа чеккен карапайым жарандарды тез жана натыйжалуу укуктук жактан коргоого багытталышы керектигин бир нече жолу баса белгилеген. Акыркы жылдары мамлекет башчынын тапшырмасы менен материалдык-техникалык ресурстарды кеңейтүү жагынан көзөмөл органы күчөтүлүп, бардык жерде санариптештирүү киргизилип, кадрларды даярдоо системасынын иши алга жылууда.
“Мен сиздерди жарандардын, айрыкча, калктын социалдык жаткан аялуу катмары тууралуу кеп болгондо, алардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын этибарга албоо фактыларына ыкчам, так жана токтоосуз жооп кайтарууга чакырам.
Албетте, мунун бардыгы прокурорлордон жогорку кесипкөйлүктү, күчтүү эркти, бекемдикти жана принциптүүлүктү талап кылат. Ар бириңиздердин көкүрөгүңүздөрдө “кылмыштуулукка каршы күрөштө жана коомдун аң-сезиминде кылмыш ишин козгоодо ылгап мамиле жасоого жол берилбейт!” деген принциптер бекем орношу керек.
Мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө катуу болушу кажет, ошол эле учурда адилеттүү да болууга тийиш. Ар бир кылмыш ишинин артында адам тагдыры турганын эч качан эстен чыгарбагыла. Ар бир кыргыз жаранын урматтоо, анын укуктары менен эркиндигин камсыз кылуу кыргыз прокуратура органдарынын ишмердигиндеги артыкчылыктуу милдеттерден болушу зарыл,” – деп талап кылды өлкө башчысы.
Прокурордун ар бир чечиминин артында адам, анын келечектеги тагдыры турат. Демек, коррупциялык иштерге барган, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга зыян келтирген адамдарга карата мыйзам бузуу фактыларына көзөмөл органы тарабынан көрүлгөн чара чагылгандай тез жана сөзсүз болушу керек. Ал эми, карапайым адамдын укугу кимдир бирөө тарабынан бузулса, анын кызыкчылыгын коргоого кепилденген мүмкүнчүлүк болушу керек.
Садыр Жапаров белгилегендей, “Прокуратура – мыйзамдын сакчысы!”.
Ал бул жогорку наамды жана ишенимди актоого тийиш.
Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий