• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Прокуратуранын кызматкерлери Түркиянын Юстиция академиясында окуудан өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 11.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Анкара шаарында үстүбүздөгү жылдын 7-11-октябрына чейин Кыргызстандын прокуратура органдарынын кызматкерлери Түркиянын Юстиция академиясы тарабынан уюштурулган адистештирилген тренингдерге катышууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, тренингде тажрыйба алмашууга жана прокуратура кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга багытталып, кибер кылмыштуулук жана аларга каршы күрөшүү ыкмалары, санариптештирүү шарттарында жарандардын укуктарын коргоону камсыз кылуу темалары каралды.

Тренингдин алкагында КР Башкы прокуратурасынын өкүлдөрү кибер кылмыштуулук менен күрөшүүнүн жана жарандардын укуктарын коргоонун негизги маселелери боюнча баяндамаларды жасап, бул багыттагы иш тажрыйбасы жана натыйжалары менен бөлүшүштү.

Өз кезегинде түрк кесиптештери да жемиштүү пикир алмашууга жана кесиптик байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзгөн жетишкендиктерин көрсөтүштү.

Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин айтымында, мындай иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүү прокуратура кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана эл аралык тажрыйбаларды киргизүүгө мүмкүндүк берет.


Келечекте Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Академиясынын базасында түрк кесиптештери үчүн ушундай эле окутуу иш-чараларын өткөрүү күтүлүүдө, бул эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн кийинки кадамы,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий