• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Прокурордук чара көрүү актысы менен мамлекетке 33 млн сом кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 14.06.22. /Кабар/. Прокурордук чара көрүү актысы менен мамлекетке 33 млн сом кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Ош облустук прокуратурасы тарабынан Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысында текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган бажы органынын кызматкерлери тарабынан 2020-2021-жылдар аралыгында бажылык коштоо үчүн 32 млн 925 миң 200 сом өлчөмүндө жыйымдар чогултулуп, кийин атайын бажы эсебине чегерилгени аныкталган. Ал эми мыйзамдарга ылайык, бул жыйымдар республикалык бюджетке алынууга тийиш.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде Түштүк-Батыш бажысы тарабынан көрсөтүлгөн каражаттар толугу менен республикалык бюджетке кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий