• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Прокурордун өлүмүнө шектүү катары мэриянын кызматкери кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 18.11.18. /Кабар/. Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү адам кармалды. Ал Баткендин мэриясында иштеген кызматкери болуп чыккан. Аталган маалыматты "Кабар" агенттигине ИИМден кабарлашты.

Ведомствонун маалыматы боюнча, алгач шектүү кармалган, андан кийин гана прокурор киши колдуу болуп өлтүрүлгөндүгү маалым болгон.

Мэриянын кызматкери "Lexus" унаасын айдап бара жаткан, ал аны күрөөгө алып, прокурор таанышы менен жолугушкан. Шектүү менен маркумду ал күнү чогуу көргөн күбөлөр бар.

Кийинчерээк прокурорду прокуратуранын кызматкерлери да көрүшкөн. Чиновник мас абалында болгон. Көзөмөл органынын кызматкерлери кесиптештери кайда экендигин сурай башташканда ал билбей тургандыгын айткан. Кийин милиция кызматкерлери жерине чакыртылып, унаадан кандын издерин табышкан.

"Шектүү тоого суу сактагычтын аймагына баргандыгы аныкталган. Ошол жакка барчу жолдон прокурордун сөөгү табылган. Анын денесинде октон жана бычактан ар кандай залакалар келтирилгендиги аныкталды. Аталган фактыны өзгөчө оор кылмыш катары бааласа болот", - деп билдиришти министрликтен.

Милициядан шектүү ар дайым маморгандарга жогорку кызматтарда иштеп келгендигин кошумчалашты.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий