• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Прокурорлор терроризм, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө тийиш – президент

Президент 0

Бишкек, 22.11.24. /Кабар/. Прокурорлор терроризм, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө тийиш. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргызстандын прокуратура органдарынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Мамлекет башчысы прокурорлорду жарандардын, айрыкча, калктын социалдык жаткан аялуу катмары тууралуу кеп болгондо, алардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын этибарга албоо фактыларына ыкчам, так жана токтоосуз жооп кайтарууга чакырды.

“Албетте, мунун бардыгы прокурорлордон жогорку кесипкөйлүктү, күчтүү эркти, бекемдикти жана принциптүүлүктү талап кылат. Ар бириңиздердин көкүрөгүңүздөрдө “кылмыштуулукка каршы күрөштө жана коомдун аң-сезиминде кылмыш ишин козгоодо ылгап мамиле жасоого жол берилбейт!” деген принциптер бекем орношу керек. Мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө катуу болушу кажет, ошол эле учурда адилеттүү да болууга тийиш. Ар бир кылмыш ишинин артында адам тагдыры турганын эч качан эстен чыгарбагыла. Ар бир кыргыз жаранын урматтоо, анын укуктары менен эркиндигин камсыз кылуу кыргыз прокуратура органдарынын ишмердигиндеги артыкчылыктуу милдеттерден болушу зарыл”, - деп белгиледи өлкө башчысы.

Ошондой эле Садыр Жапаров Кыргызстандын прокуратура органында коррупцияга жол бербеген, тазаланууну камсыз кылган, кесипкөй кадрларды кынтыксыз тандай алган, таза, ак ниет кызматкерлерди өстүрө билген мыкты система түзүлүшү керектигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий