Протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси 3 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген жаранды тейледи

Коом 0

Бишкек, 29.09.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 8 айында Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси 3039 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды тейледи. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, өткөн мезгилдин ичинде мекеме 2 400 түгөй ортопедиялык бут кийим жана 749 протез чыгарган.

Министрликтин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинде 13 миң 617 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам каттоодо турат.

Алардын ичинен - балдар - 5 984, Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары - 182, бут протездери менен - 1 345 жана кол протездери бар – 312 денсоолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар.

Пикир

Оставить комментарий