“Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдиргендей, Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун чакыруусун кабыл алган жана жакынкы мезгилде расмий иш сапары менен өлкөгө келет.
ТИМ башчысы ошондой эле Бишкекте өтө турган расмий жолугушууда 10дон ашык документке кол коюу күтүлүп жаткандыгын кошумчалады.
Бирок визиттин так күнү (учурда макулдашылып жатат) жана сапардын чоо-жайы тууралуу Абдылдаев маалымат берген жок.
Кыргызстанга болгон сапардын күтүлүп жаткан максаты жана бул эмне үчүн Россияга керек экендигин билүү үчүн “Кабар” агенттиги саясатчы, эл аралык мамилелер жана коопсуздук боюнча Кыргыз кеңешинин төрагасы Эдил Осмонбетовго кайрылды.
Саясатчынын пикири боюнча, Россия лидеринин Кыргызстанга боло турчу сапары Россия жана бүтүндөй Борбордук Азия үчүн өзгөчө геосаясий мааниге ээ.
Осмонбетовдун ою боюнча, себеби учурда дүйнө жүзүндө геосаясий турбуленттүүлүк болуп жатат – Сирия, Украина, россия-британ кызматташуусу, Борбордук Азия чөлкөмүндөгү акыркы өзгөрүүлөр. Андан тышкары Россия Европа биримдиги, АКШ тарабынан санкциялар, Түркия менен болгон айрым маселелер менен алек болчу деп билдирди саясатчы.
“2018-жылы Борбордук Азия аймактары жана Кыргызстан Россиянын көңүл буруусунан бир аз алыстап кетти”, - деп билдирди ал.
Эл аралык мамилелер жана коопсуздук боюнча Кыргыз кеңешинин төрагасы билдиргендей, 2018-жылда Борбордук Азиянын бардык чөлкөмүндө ири саясий жана геосаясий окуялар болду. Алсак, 2018-жылдагы Астанада өткөн консультативдик жолугушуу, Кыргызстандагы үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы Кеңешинин мамлекеттер башчыларынын Саммити, ТүркПАнын жолугушуусу жана башка жолугушуулар глобалдык жана регионалдык оюнчулар ошондой эле Россиянын катышуусусуз өткөрүлдү.
Бул анын пикири боюнча, бир жагынан Борбордук Азия жаңы геосаясий регион катары калыптанып келе жаткандыгынан кабар берет. Ага күздүн башында Азербайжан менен Түркиянын мамлекет башчыларынын Кыргызстанга келиши мисал боло алат.
“Региондорго таасир берүүдө геосаясий күрөштү эч ким жокко чыгарган жок. Ага байланыштуу Путиндин визити Россия эл аралык аятчаларда жана эл аралык уюмдарда башка өлкөлөр менен биргеликте өз кызыкчылыгын коргой алуу үчүн өнөктөштөргө, досторго жана колдоого муктаж экендигин көрсөтүү максатында катаал жагдайда өтүшү керек”, - деп ойлойт саясатчы.
Андан тышкары Осмонбетов бүгүнкү күндө Кыргызстан маанилүү мамлекет катары калыптанып келе жаткандыгын түшүнүү керек деп эсептейт. Биринчиден – республика Борбордук Азияда геосаясий борбор болду, анткени региондо көптөгөн маанилүү окуялар болду. Экинчиден - Россия тарабынан регионго болгон жогорку көңүл буруу 2019-жыл Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн өзгөчө болоору – Кыргызстан ШКУга төрага болушу, ал эми азыркы учурда республиканын Түрк кеңешинде төрагалык кылып жатышы, Өзбекстандын өкүлү ШКУда Башкы катчы болот, ал эми Казакстан БУУнун коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес өкүлү болуп саналышы менен түшүндүрүлөт.
“Ушул себептерден улам Россия бул окуялардын бардыгын өнөктөштөрү жана Кыргызстан менен сүйлөшүүсү керек. Биринчи кезекте – аймактык, жалпы көйгөйлөргө болгон көз караш, өз ара түшүнүүнүн чекитин табуу”, - деп кошумчалады эл аралык иштер боюнча адис.
В.Путиндин Кыргызстанга боло турган визитинин башкы максаты Осмонбетовдун ою боюнча, эки тараптуу мамилелерди жаңы баскычка көтөрүү болуп саналат. Эң башкысы – ар кайсыл маселелер боюнча өз ара түшүнүүгө жетүү.
“Бул саясат, экономика, ЕАЭБге мүчөлүк кылуу жада калса Кытай менен болгон “Бир алкак - Бир жол” долбоору болушу мүмкүн”. Азыркы учурда дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөр үчүн күтүүсүз болгон геосаясий процесстерди эске алганда бул абдан кеңири күн тартиби”, - деп билдирди ал.
Аягында саясатчы кошумчалагандай, В.Путиндин Кыргызстанга келиши республикасыз Борбордук Азия регионун түзүү да бириктирүү да мүмкүн эмес экендиги менен түшүндүрүлөт. “Россия Кыргызстандын дал геосаясий ролун түшүнүп турат, эң кызыгы, биз региондогу көптөгөн саясий инновациялардын пионерибиз. Бул өңүттөн алып караганда биз көптөгөн саясий жана геосаясий процесстердин баштоочусу катарындабыз. Бул жагынан алганда биз саясий борбор катары эсептелинебиз, ошондуктан да ушул жылдын күзүндө бул жакка Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары келди”, - дейт Эдил Осмонбетов.
“Кабар” МАБ
Эрмек Абдрисаев
Пикир
Оставить комментарий