Рабия, Алия жана Асия — Ошто үч эм жарык дүйнөгө келди

Аймак 0

Бишкек, 14.09.23. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарынын жашоочусу Гүлжамал Каратаева 27-августта үч эм төрөдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ымыркайлардын үчөө тең кыз, аларга Рабия, Алия жана Асия деп ысым ыйгарышкан. Учурда эне-балдардын абалы жакшы, төрөтканадан чыгышкан.

Гүлжамал Каратаеванын дагы бир кызы бар.

Саламаттык сактоо министрлигинен кошумчалашкандай, жыл башынан бери Ош клиникалык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө үч эм жарык дүйнөгө келген 5 учур катталган.

Пикир

Оставить комментарий