• 87
  • 90.63
  • 0.79

Равшан Жээнбеков: Садыр Жапаров судья Марат Сыдыковду өз эрки менен кетирбей койгону жакшы кадам болуптур

Коом 0

Бишкек, 01.12.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун судья Марат Сыдыковду өз эрки менен кетирбей койгону жакшы кадам болуптур. Бул тууралуу саясатчы Равшан Жээнбеков социалдык баракчасына жазды.

Ал белгилегендей, соттордун, өзгөчө башка көз караштагы саясатчыларды, жарандык активисттерди жана журналисттерди актаган чечимдери көбөйгөндө жана ал чечимдер жогорку бийлик тарабынан куугунтукталбаганда гана система жарала баштайт.

“2000-жылы Феликс Куловду актаган судья Нурлан Ашымбек уулун бийлик бир аз кармап “өз эрки” менен деп кызматтан кетирген.

2013-жылы Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовду актаган судьялар М.Сатыев менен К. Зулушев дагы тез арада кызматтарынан алынган.

Судья Марат Сыдыков кыйын маалда мыйзамдуу чечим кабыл алды. Эми президент мурдагы бийликтердей болуп “өз эрки” менен кетирбей койгону жакшы кадам болуптур", - деп билдирген Жээнбеков.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттин басма сөз катчысы Аскат Алазгөзов Садыр Жапаров судья Марат Сыдыковдун отставкасын кабыл албай койгонун билдирген эле.

Пикир

Оставить комментарий