• 86.8
  • 91.85
  • 0.85

Равшан Жээнбековдон парламенттик шайлоого катышуу тууралуу билдирүү түшкөн эмес — БШК

Коом 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. Равшан Жээнбековдун "Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу тапшырган документтерди Боршайком кабыл алуудан баш тартты" деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.

Шайлоого катышуу тууралуу документтерди кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун маалыматы боюнча, Равшан Жээнбековдун ишенимдүү адамдары тарабынан билдирүү түшкөн эмес.

“Экс-депутаттын сөзү чындыкка дал келбейт”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий