• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Разаков: Адам укугун жана эркиндигин камсыз кылуу - өлкөнү өнүктүрүүдөгү негизги максаттардын бири

Өкмөт 0

Бишкек, 30.12.19. /Кабар/. Татыктуу жашоо шарттарды түзүү, эркиндикке жана инсандык кол тийбестикке, ошондой эле социалдык жактан коргоого кепилдик берүү аркылуу жарандардын абалын жакшыртууга багытталган адам укугун жана эркиндигин камсыз кылуу Кыргыз Республикасында өлкөнү өнүктүрүүдөгү негизги максаттардын бири болуп саналат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укугун коргоо боюнча координациялык кеңештин жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынында билдирди.

Вице-премьер-министр Координациялык кеңештин аянтчасында 2019-жылы адам укугун коргоо чөйрөсүндө 20дан ашык маселе талкууланганын билдирди.

«Координациялык кеңештин аянтында адам укуктарын коргоо, адам укуктары чөйрөсүндө эл аралык милдеттемелерди ишке ашыруу жаатындагы улуттук баяндамалар талкууланды. БУУнун бир катар атайын баяндамачылары менен жолугушуулар өттү. Кыргыз Республикасы тарабынан адам укуктары боюнча эл аралык ченемдерди аткаруу жөнүндө улуттук баяндамаларды сунуштоонун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган 2019-2021-жылдарга карата адам укуктары тууралуу Иш-аракеттердин планы жактырылды. Кыргыз Республикасы адам укуктары боюнча бардык негизги эл аралык келишимдердин катышуучусу катары мындан ары да Координациялык кеңештин ишмердүүлүгүнүн алкагында адам жана жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоону, адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерди ишке ашырууну камсыздоо механизмдерин жакшыртууну улантат», - деди Жеңиш Разаков.

Жыйындын жүрүшүндө Адам укугун коргоо боюнча Координациялык кеңештин 2019-жылдагы ишмердүүлүгүнүн отчёту каралып, кабыл алынды, кеңештин 2020-жылдагы иш планынын долбоору келип түшкөн сунуштарды эске алуу менен бекитилди, ошондой эле Адам укугун коргоо боюнча координациялык кеңештин чечимдеринин, 2019-жылдын иш планынын аткарылышы тууралуу маалыматтар айтылды, муну менен катар Өкмөткө караштуу Адам укугун коргоо боюнча координациялык кеңештин компетенциясына кирген башка маселелер дагы каралды.

Пикир

Оставить комментарий