• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Разаков: Коррупция өлкөнү өнүктүрүү жолундагы олуттуу тоскоолдук болуп саналат

Өкмөт 0

Бишкек, 08.06.18. /Кабар/. «Коррупция өлкөнү өнүктүрүү жолунда олуттуу тоскоолдуктарды жаратып, мамлекеттик түзүлүштүн негизги көйгөйлөрүнүн бири болуп саналат», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 8-июнда, Кыргыз Республикасынын укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча координациялык кеңешинин жыйынында.

Вице-премьер-министр белгилегендей, коррупция улуттук коопсуздукка реалдуу коркунуч келтирүүдө, буга байланыштуу бул проблема Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жыйындарынын күн тартибине бир нече ирет коюлуп келген.

«Алсак, ушул жылдын февралында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков коррупция – улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген көйгөй экендигин баса белгилеген. Ал эми коррупцияга каршы күрөшүү – биздин мамлекеттүүлүгүбүздү жана өлкөнүн эгемендүүлүгүн сактоого тете болгон милдет

Ал белгилегендей, өлкөдө коррупцияга каршы аракеттенүү системасы өркүндөп бара жатат, ал мамлекеттик башкаруудагы иштердин ачык-айкындуулугун камсыздоо аркылуу коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алууга, ошондой эле кандай гана түрдө болбосун коррупциялык иштерге катуу бөгөт коюуга багытталган комплекстүү мамилелерге негизделген.

«Өкмөт Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен тыгыз байланышта туруктуу негизде коррупциялык системаны, анын ичинде калыптанган коррупциялык тобокелдиктерди жана коррупциялык схемаларды жоюуга багытталган мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы иш-чаралардын аткарылышына мониторинг жүргүзүп турат», - деди Жеңиш Разаков.

Буга катар вице-премьер-министр аталган багыттагы кемчиликтерди белгилеп өттү. Анын айтымында, мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө натыйжалар жакшы камсыздалбай жаткандыгы байкалууда.

Ошондой эле Жеңиш Разаков Өкмөт тарабынан 2017-жылдын 13-декабрындагы Координациялык кеңештин чечимдерин аткаруу боюнча кабыл алынган чаралар тууралуу маалымат берди.

Вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруу жана өркүндөтүү, натыйжалуу өз ара аракеттенүү боюнча активдүү жана конструктивдүү иштерди мындан ары улантууга даяр экендигине ишендирип кетти.

Пикир

Оставить комментарий