• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Раззаков шаарында милиция пиротехникалык каражаттарды колдонуунун алдын алууда

Аймак 0

Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. Раззаков шаарында милиция менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери базардагы эл менен жолугуп, пиротехникалык каражаттарды колдонуунун алдын алууда. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция жана ӨКМ кызматкерлери шаардагы базарда жана анын айланасындагы соода түйүндөрүндө жаңы жылдык майрамдарга карата элдин коопсуздугун камсыздоо максатында пиротехникалык каражаттарды сатпоону жана уурулуктун алдын алуу максатында эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертүү кагаздарын берүүдө.

Ошондой эле базар ичиндеги укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукту болтурбоо жана жол эрежелерин сактоо максатында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери менен биргеликте иш-чараларды өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий