• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Рено", "Ауди-100" унаалары күйгөн. Сутка ичинде катталган өрт кырсыктары

Кырсык 0

Бишкек, 03.11.20. /Кабар/. Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 24 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 26 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Чүй облусунун Токмок шаарынын Горький көчөсүндө "Рено" үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн себеби отко этиятсыз мамиле кылуу.

Нарын облусунун Чаек айылынын Ысык-Суу тилкесинде ачык аянтта "Ауди-100" үлгүсүндөгү жеңил унаасы толугу менен өрттөнгөн. Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска туташуусу.

Бишкек шаарынын Орозбеков көчөсүндөгү №2/4 үйдүн 6-батиринде балкондо турган төшөк жана пластик терезе күйгөн.

Ленин районунун Ак-Өргө конушунун Садыков көчөсүндө аянты 90 чарчы метр үй толугу менен күйүп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий