• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстан боюнча энергетикалык компанияларда оңдоо иштери башталды

Коом 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Кыргызстан боюнча энергетика тармагында үстүбүздөгү жылдын март айынан баштап оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн бардык облустарында электр чубалгылары, трансформаторлор, көмөкчордондору ондоп-түзөөдөн өтөт.

"Буга байланыштуу убактылуу өчүрүүлөр болорун кабарлайбыз. Министрликтин алдындагы ар бир ишкананын маалымат катчылары сиздерге массалык маалымат каражаттары аркылуу алдын ала өчүрүүлөр туралуу кабарлап турушат", - деп айтылат маалыматта.

Энергетика министрлигинен билдиргендей, аталган оңдоо иштери 2022-жылдын планын негизинде ишке ашып жатат.

Пикир

Оставить комментарий