• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Республикалык бюджеттен авариялык абалдагы мектептерди оңдоого 353 млн сом каралган - Кокочаров

Коом 0

Бишкек, 07.08.20 /Кабар/. Жаңы окуу жылына карата 29 авариялык абалдагы мектептин окуу корпустарын оңдоо иштерин бүткөрүү пландалууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаров билдирди.

Анын айтымында, авариялык абалдагы мектептерди оңдоо иштерине республикалык бюджеттен 353 млн сом каралган. Бүгүнкү күндө курулуш иштери жүрүүдө.

“Андан сырткары, Коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү депозиттик эсептен бөлүнгөн каражаттын эсебинен 15 мектептин кошумча корпустарынын курулушу жүргүзүлүүдө”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий