Бишкек, 26.12.17. /Кабар/. Республиканын айрым аймактарында газ убактылуу жок болот. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасынын басма сөз кызматы маалымдайт.
Аг ылайык, газ берүү төмөнкү даректерде жок болот;
- 26-декабрда Кара-Балта шаарынын Кара-Балта көчөсүндө;
- 27-28-декабрда Сокулук айылынын Калинин көчөсүндө.
Маалыматта айтылгандай, оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий