• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

РФ ТИМ кыргыз аскерлерин Сирияга жөнөтүү боюнча: Россия “эч кимди күчтөп көндүрбөйт”

Саясат 0

Бишкек, 28-июнь /Кабар/. Россия Сириядагы деэскалация аймагына көз салууга катышууга “эч кимди күчтөп көндүрбөйт”,- деп билдирди РИА Новостиге Россиянын Тышкы иштер министринин орун басары Геннадий Гатилов Казакстан менен Кыргызстандын аскерлерин аталган өлкөгө жиберүү боюнча берилген суроого жооп берип жатып.

“Биз эч кимди күчтөп көндүрбөйбүз. Учурда деэскалация аймактары боюнча бир катар документтерди даярдоо процесси жүрүп жатат. Ал Астанада бекитүүгө көргөзүлөт”, - деди россиялык дипломат.

Мурдараак Түркия президентинин өкүлү Ибрагим Калын Россия тарап Сириядагы деэскалация аймагына Кыргызстандык жана Казакстандык аскерлерди жиберүүнү пландап жатканын билдирген.

Россиядагы Мамлекеттик думанын коргоо комитетинин башчысы Владимир Шаманов РИА Новостиге аталган эки мамлекеттин аскерлерин Сирияга жөнөтүү боюнча учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын тастыктаган.

Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов өз кезегинде “ Казак тарап эч ким менен Сирияга аскер жөнөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөгөнүн” билдирген.

Мурдараак Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев аталган маселе Россия тараптын сунушу менен ЖККУнун алкагында талкууланганын билдирген. “Бул суроо боюнча кеңешмелер жүргүзүлүп, бирок, эч кандай чечим кабыл алынган эмес”,-деген Э.Абдылдаев.

2011-жылдан бери Сирияда уланып жаткан куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча 4-5-июлда Астанада кезектеги сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Булак: РИА Новости.

Пикир

Оставить комментарий