Соода жана инвестиция чөйрөсүндө кыргыз-италия кызматташтыгын активдештирүү талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 30.05.24. /Кабар/. Римде Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Италиянын Соода жана инвестициялар агенттигинин президенти Маттео Дзоппас жана италиялык бөтөлкөлөнгөн минералдык суу өндүрүүчүлөр ассоциациясынын вице-президенти Эттори Фортуна менен жолугушуу өткөрдү.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө соода жана инвестиция чөйрөсүндө кыргыз-италия кызматташтыгын активдештирүү маселелери талкууланды.

Жээнбек Кулубаев акыркы жылдары Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү өсүп жатканын канааттануу менен белгилеп, аны мындан ары өнүктүрүү үчүн биргелешкен ишти күчөтүүнү сунуштады.

Мындан сырткары тараптар жолугушуунун катышуучулары жеңил өнөр жай, айыл чарба, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы кызматташтыктын келечегин талкуулады.

Өз кезегинде Италиянын Соода жана инвестициялар агенттигинин президенти Маттео Дзоппас италиялык алдыңкы технологияларды колдонуу менен өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга кызыкдар италиялык компанияларды тартууда көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий