Бишкек, 17.05.21. /Кабар/. Фехтование боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Роман Петров Украинадагы эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Мелдеш 16-майдан 20-майга чейин Харьков шаарында өтөт.
Белгилей кетсек, спортчу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан Харьков шаарына жөнөтүлөт.
Пикир
Оставить комментарий