• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Роналду хет-тригинин саны боюнча Мэссиден бир топ озуп чыкты

Спорт 0

Бишкек, 15.11.19. /Кабар/. "Ювентус" клубунун жана Португалиянын курамасынын оюнчусу Криштиану Роналду хет-трик жасоо боюнча "Барселона" жана Аргентина футболдук команданын чабуулчусу Лионель Мессиден бир топ озуп чыкты. Бул тууралуу ESPN басылмасы билдиргенин Чемпионат басылмасы жазат.

2020-жылы өтө турган футбол боюнча Европа биринчилигинин тандоо турунун алкагында Португалия курамасы Литванын командасы менен беттешти. Анда Роналду 3 гол (хет-трик) киргизгенге жетишти.

Учурда португалиялык оюнчунун эсебинде 55 хет-триги (анын 46сы клубдагы, 9у улуттук курамдагы голдору) болсо, Месси 52 жолу үчтөн гол (46сы клубдагы, 6сы улуттук курамда) киргизген.

Белгилей кетсек, Португалия курамасынын кийинки атаандашы Люксембургдун командасы болот. Алар менен 17-ноябрда Бишкек убактысы менен 20:00дө беттешет.


 

Пикир

Оставить комментарий