• 87
  • 90.41
  • 0.84

"Росатом" Нарындагы жүк ташуучу унаа кабылган кырсык боюнча комментарий берди

Коом 0

Бишкек, 04.09.24. /Кабар/. "Росатом" Нарын облусундагы жүк ташуучу унаа кабылган кырсык боюнча комментарий берди.

Компаниянын расмий маалыматында мындай деп айтылат:

"2-сентябрда жергиликтүү субподрядчынын самосвалы Нарын облусунун Туюк-Суу калдык сактоочу жайынан топурак ташып бара жатып жолдон чыгып кеткен. Окуя болгон жерге Нарын облусунун Жумгал районунун жаратылышты коргоо органдарынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү барышкан. Кийин кырсыктын кесепеттери жоюлган, учурда айланадагы радиациялык фон нормалдуу. Окуянын себептерин аныктоо үчүн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин атайын комиссиясы түзүлүүдө. Мындай окуяларды болтурбоо үчүн бардык подряддык уюмдардын ишине көзөмөл күчөтүлөт".

Пикир

Оставить комментарий