• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Россия COVID-19 вирусун аныктоо үчүн жаңы тест иштеп чыкканын билдирди

Дүйнө 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Россиянын «Роспотребнадзор» мекемесинин Эпидемиология боюнча илим-изилдөө институту COVID-19 инфекциясын аныктоочу жаңы тест иштеп чыкты. Ал клиникалык сыноодон кийин Россияда колдонуу үчүн каттоодон өттү.

«Роспотребнадзордун» басма сөз кызматы билдиргендей, жаңы тест коронавирусту гана аныктабастан, аны пневмония оорусун козгогон бул сыяктуу башка вирустардан ажырата алат.

«Жаңы тест «АмплиСенс Cov-Bat-FL» деген аталышка ээ болду. Ал адамдагы башка коронавирус үлгүлөрүнө туура реакция кылып, илдетти так аныктайт», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий