• 87
  • 90.64
  • 0.85

Россия эмгек мигранттарына муктаж жана алардын келишин кубаттайт – Песков

Дүйнө 0

Бишкек, 22.11.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Өлкөнүн динамикалык өнүгүүсү үчүн жана чыңалган демографиялык кырдаалдан улам Россия эмгек мигранттарына муктаж, алардын келишин кубаттайт. Бул тууралуу Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков “РИА Новости” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

"Мигранттар — бул муктаждык. Бизде демографиялык кырдаал курч. Эң чоң өлкөдө жашаганыбыз менен азбыз. Динамикалык өнүүгүбүз үчүн жана бул жааттагы бардык пландарды ишке ашыруу үчүн, албетте, бизге жумушчу күч керек. Мигранттардын келишин кубаттайбыз", - деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин мигранттарды тартууга келгенде бийлик биринчи кезекте өлкө жарандарынын кызыкчылыгын ойлошу керектигин айткан. Мамлекет башчы мигранттар мыйзамдарды билсе жана аларды аткарууга даяр болсо, ошондой эле орус тилин жакшы билсе, орусиялыктар арасында кастык жаралбай турганын билдирген.

Мындан тышкары, Путин Россияга келген мигранттардын жашоо шарты талап ылайык болуп, бардык жеңилдиктерден пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу керектигин белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий