Россия Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууну каржылоого даяр - Удовиченко

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек 07.02.23. /Кабар/. Россия тарап Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууну каржылоого даяр. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов менен жолуккан кезде билдирди.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашып, парламенттер аралык кызматташтыкты, анын ичинде тармактык комитеттер аркылуу байланышты кеңейтүү боюнча пикир алмашты.

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов мамлекеттер ортосунда түзүлгөн алака стратегиялык өнөктөштүк мүнөзгө ээ экенин жана Кыргызстандын узак мөөнөттүү улуттук кызыкчылыктарына жооп берерин билдирди. “2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда жетишилген дээрлик бардык макулдашуулар аткарылганын же ишке ашыруунун акыркы стадиясында экенин канааттануу менен белгилейм”, - деди комитет төрагасы.

Ошондой эле Улан Примов 2022-жылы да кыргыз-орус парламенттер аралык кызматташтыгы жогорку деңгээлде уланганын эске салып: “Бүгүнкү күндө КМШ ПАА, ЖККУ ПА жана башка уюмдар парламенттер аралык диалог үчүн эң натыйжалуу аянтчалардын бири болуп саналат”, - деди жана парламенттер аралык алакадагы оң жылыштарга кеңири токтолду.

Муну менен катар жакында эле Россия Федерациясына болгон иш сапары тууралуу айткан комитет төрагасы, кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушууларда көтөрүлгөн көйгөйлөрдү сөз кылып, кыргызстандыктарга миграциялык талаптарды жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Тактап айтканда, депутат 14 жашка чейинки балдардын медициналык кароодон өтүүдө жаш курагынын чегин көтөрүү, КР жарандарына консулдук кызмат көрсөтүү үчүн “Сахарово” миграциялык борборунда өзүнчө кеңсе бөлүү, миграциялык каттоодо кыйынчылыктарды жоюу, ошондой эле анча-мынча мыйзам бузуулар үчүн өлкөдөн чыгаруу/депортация түрүндөгү колдонуудагы катаал жазаларды өзгөртүү сунушун берди.

“Мындан тышкары, учурда Бишкек жана Ош шаарларында манжа изин каттоо, сүрөткө тартуу жана медициналык текшерүү борборлорун ачуу маселеси каралууда. Ушуга байланыштуу жогоруда аталган борборлордун ачылышын тездетүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө чакырам”, - деди Улан Примов.

Өз кезегинде Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко Россия эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеп, Кыргыз Республикасы менен эки жана көп тараптуу алака улантыларын кошумчалады.

Ошондой эле элчи Россия тарап ЕАЭБ алкагында экономикалык интеграцияны тереңдетүүгө, ошондой эле Евразия өнүктүрүү банкы жана Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду аркылуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүүгө ынтызар экендигине токтолду. Тактап айтканда, ал Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууну каржылоого россиялык тарап даяр экенин айтып, мектептерди курууга байланышкан долбоорлор тууралуу сөз кылды.

Россияда иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктук абалын жакшыртуу маселелери боюнча да пикирин айткан элчи учурда бир катар маселелер иштелип жатканын белгиледи. “ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары эң жакшы шарттарды алууда сөзсүз артыкчылыкка ээ болушу керек жана каралган жеңилдиктерди сезиши зарыл”, - деп белгиледи Николай Удовиченко.

Пикир

Оставить комментарий